Штаб: "Кыргызстанга киргенде COVID-19га ПЦР-тест талап кылынбайт"

Кыргызстанга киргенде COVID-19га ПЦР-тест талап кылынбайт. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдайт.

Анда жызылган маалыматка таянсак, тиешелүү буйрук 1-майда күчүнө кирген.

"Кыргыз жарандары жана чет өлкөлүктөр Кыргызстан менен чек арадан терс ПЦР-тестти жана COVID-19га каршы эмдөө тууралуу сертификатты милдеттүү түрдө көрсөтпөстөн өтө алышат. Бирок ПЦР-тестти тапшырганы тууралуу маалым кат сиз барууну пландап жаткан өлкө тарабынан талап кылынышы мүмкүн. Ошондуктан чет мамлекеттердин кирүү-чыгуу эрежелери менен таанышуу маанилүү.

ПЦР-тест зарыл болгон учурда аны милдеттүү түрдө аэропортко тапшыруу талап кылынбайт. Мындай кызматтарды көрсөткөн жеке жана мамлекеттик каалаган лабораториядан текшерилсе болот", - деп жазылат штабдын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан