Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын бардык жарандарына Орусиянын атуулдугун алуу эрежелерин жөнөкөйлөткөн жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн укуктук маалыматтар топтолгон сайтына жайгаштырылды.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдан тарта Донецк жана Луганск элдик республикаларындагы украиндерге Орус жарандыгы жеңилдетилген шартта бериле баштаган. Ал эми ушул жылдын 25-майдан баштап Запорожье жана Херсон облустарынын жашоочуларына Орусиянын атуулдугун алуу жеңилдетилген.
Эске салсак, Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал 24-февралда тутанган.