Бишкекте электросамокаттар ижарага бериле баштады (сүрөт)

Бишкекте электросамокаттарды мобилдик тиркеме аркылуу ижарага алууга болот. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ынтымак-2" сейил багында алгачкы жолу "SunRent" электросамокатын бөлүштүрүү боюнча иш-чара болуп өттү.

"Бул долбоор Бишкек шаарында унаа тыгындарын азайтууга жана шаар тургундары арасында дени сак жашоо образын жайылтууга багытталган. Андыктан каалоочулар электросамокатты мобилдик тиркеме аркылуу ижарага алып, өзү каалаган жерге бара алат. Ошондой эле курьерлер үчүн да ыңгайлуу.

Жакынкы аралыкта 100гө жакын заманбап унаа токтотуучу жай, 1200 электросамокаттарды ишке киргизүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан