Соңку суткада 28 адам коронавирус жуктуруп алды

Кыргызстанда акыркы суткада СOVID-19 инфекциясы 28 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен маалымдашты.

Ага ылайык, анын ичинен 20 адам оорунун белгилери байкалганы үчүн ооруканага кайрылган, эки учур Өзбекстан менен Казакстандан келген жарандардан аныкталган. Дагы алты учур ПЦР изилдөө учурунда аныкталган.

Коронавирус жуктуруп алгандардын 20сы COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн. Алардын ичинен экөө ооруканага жаткырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан