Ички иштер министрлиги жарандарга банктык картанын маалыматын белгисиз адамдарга ачыктабоону сунуштайт.
Маалыматка ылайык, сизди тоноо үчүн кылмышкерлерге картаңыздын номуру жана PIN-код гана керек. Телефонуңуз же банк картаңыз жок экенин байкасаңыз, аны бөгөттөңүз. Мобилдик банкинг кызматына тез арада көңүл буруңуз. Телефон номуруңузду өзгөрткөн болсоңуз, дароо банкка кабарлаңыз.
Эгерде банктык картадан акча жоголсо, анда сиз дароо акча каражаттарынын уурдалгандыгы тууралуу арыз менен милицияга кайрылышыңыз керек жана талаштуу операция жөнүндө арыз менен банкка кайрылып, арыздын көчүрмөсүн милицияга тиркеп, жардам сурап кайрылышыңыз керек.
Ички иштер министрлиги бардык пластикалык карта ээлерине коопсуздук эрежелерин сактоону сунуштайт:
- картаңыздын PIN-кодун эч кимге айтпаңыз. Аны эстеп гана жүргөн жакшы. PIN-кодуңузду каражатыңыз салынган сейфтин ачкычы катары караңыз. Сиз PIN-кодду картанын жанында сактабашыңыз керек. PIN-кодду картага жазып койгон учурда сиз картаны уурдатып же жоготкондо, аны блоктогонго жана эсебиңизди коргоого да үлгүрбөй каласыз;
- карта менен операцияларды жүргүзүүдө коопсуз жерлерде жайгашкан жана видеокөзөмөл тутуму менен жабдылган жана коопсуздугу күчөтүлгөн банкоматтарды гана колдонуңуз: мамлекеттик органдарда, банктарда, ири соода борборлорунда жана башка жайлардагы. Банкоматтарды видеокөзөмөлү жок колдонгон жарандар кылмышкерлердин кол салууларына дуушар болушу мүмкүн;
- пластикалык картаңызды эч ким колдонбошу керек;
- картаны банкоматтын кабыл алуусуна жана клавиатурасына көңүл буруңуз. Эгерде алар кандайдыр-бир кошумча аппараттар менен жабдылган болсо, анда бул банкоматты колдонуудан баш тартып, анда көрсөтүлгөн телефон номуруна чалып, шектенүүлөрүңүздү билдиргениңиз оң;
- банкомат туура эмес иштеген учурда - эгерде ал узак убакыт күтүү режиминде болсо же өзүнөн-өзү кайра жүктөлсө, аны колдонуудан баш тартыңыз. Аны кылмышкерлер кайра программалаган болушу ыктымал;
- соода түйүндөрүндө, ресторандарда жана кафелерде пластик картаңыз менен колдонулган бардык акциялар сиздин катышуусуңузда болушу керек. Болбосо, кылмышкерлер сиздин картаңыздын реквизиттерин атайын аппараттар аркылуу алып, кийинчерээк жасалмасын жасоо үчүн колдонушу мүмкүн.