Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, коштошуу зыйнаты Дзодзёдзи храмында жабык режимде өтүп, ага үй-бүлөсү жана саясатчынын жакындары гана катышууда.
Ал эми храмдын сыртында столдун үстүнө Абенин сүрөтү коюлуп, ага каалоочулар гүл калтырып кетишет.
Белгилесек, 8-июлда Япониянын мурдагы өкмөт башчысы Синдзо Абэ кол салуудан улам көз жумду. Саясатчыга Нара шаарында эл алдында сүйлөп жаткан учурда 41 жаштагы Тэцуя Ямагами тарабынан далысына эки жолу ок атылган. Көп өтпөй Синдзо Абэни атып өлтүргөн Тэцуя Ямагами алгач башка адамды атууну пландаганын моюнуна алган. Синдзо Абэ тууралуу кызыктарды шилтемеден окуй аласыз.