Өлкөдө күйүүчү майдын баасы арзандады

Кыргызстанда бензиндин баасы бир аз арзандады. Улуттук статистика комитети билдиргендей, июль айында бензиндин баасы 50 тыйындын айланасында төмөндөп, ал эми дизелдик күйүүчү майдын баасы бир сомго кымбаттаган.

Мекеменин маалыматына ылайык, июнь айында А-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 66,16 сом болсо, июль айында 65,82 сомду түзгөн. Өткөн айга караганда, А-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 62,52 сомдон 61,83 сомго арзандады. Бул Бишкек шаарындагы баалар. Баткен облусунда А-95 үлгүсүндөгү бензин 70 сомдон, А-92 үлгүсүндөгү бензин 66 сомдон жогору.

Ошол эле маалда дизелдик күйүүчү майдын баасы орто эсеп менен бир сомго кымбаттады. Июнь айында дизель майынын литри орто эсеп менен 64,64 сом болсо, июль айында 65,84 сомду түзгөн. Баткен облусунун айрым райондорунда дизелдик күйүүчү майдын баасы дээрлик 70 сомго чейин кымбаттады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан