Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, "Ак кеме" мейманканасынын жанындагы үйлөрдүн алдында таштанды чар-жайыт ташталып, убагында жыйналбай жатканын айтып, тийиштүү кызматтардан чара көрүп берүүнү өтүнгөн.
Жогорудагы өтүнүч боюнча Бишкек шаардык мэриясына байланышканыбызда, аталган жайдагы топтолгон таштандылар тазаланганын айтышты.