Красная Речка атайын жатак-мектебине автотранспорт сатып алууга каражат бөлүндү
Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, акыл-эси жагынан артта калган балдар үчүн Красная Речка атайын жатак-мектебине автотранспорт сатып алууга каражат бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Каражат Билим берүү фондунан жана Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан берилди.