"Муздак нерсе жебе, тамагың ооруйт" - мына ушул күнгө чейин чоңдор балдарга ушул нерсени айтып келишет. Бүгүнкү күндө заманбап медицина мындай нерсени четке кагып, баары тескерисинче деп ырастоодо. Ал эми педиатр Айжан Кубанычбек кызы SUPER.KG порталына тамак ооруган учурда эмнелерди кылса болоорун тизмектеп берди.
Педиатрдын айтымында, тамак ооруган учурда балмуздак жеп коюу зыян алып келбейт.
1. Балаңыздын тамагы кызарып турса атайын дарылоого шашылбаңыз. Бул организмдин өзгөчөлүгү болушу мүмкүн. Оорубаган тамакты дарылоо кажет эмес;
2. Ак тактары бар, кызарып калган тамак дароо антибиотик жазууга негиз эмес. Өз алдыңызча антибиотик менен дарылоого болбойт;
3. Эгерде бактериалдуу инфекция болуп, тонзиллит учурунда антибиотик жазгандан кийин дарылоо курсун толук өтпөсөңүз, оору күчөп ревматизмге алып келиши мүмкүн;
4. Баланын тамагы кызарып турганда өзүңүз же эмчи-домчуга алып барып тамагын басууга болбойт. Колуңузду канча тазалап жууган болсоңуз да, инфекция баланын тамагынын ичине кирип, жагдайды андан да оорлоштурат.
Анда кантип жардам беребиз? - дешиңиз мүмкүн. Жооп:
1. Көп суюктук берүү керек;
2. Тамактын ооруганын басуу үчүн балмуздак беребиз. Таң калдыңызбы? Ооба, балмуздак беребиз. Балмуздак мындай учурда жардам гана берет. Себеби эмнеде? Балмуздак тамактагы тамырларды тарылтып, ооруну басат. Сиз тескерисинче ойлодуңуз беле? Муздактан адам оорубайт. Оорунун бир гана себепчиси микроорганизмдер;
3. Бала тамагын чайкай ала турган жашта болсо туздуу суу менен тамагын чайкоо (200 миллиграмм сууга 0,5 чай кашык туз);
4. Катуу ооруган болсо ибуфен берүүгө болот;
5. Ысык, катуу, ачуу тамакты жегенге болбойт. Тамакты дагы да сезгентип ар кандай химиялык заттарды чачууга болбойт. Тамекинин түтүнүнөн алыс болуу зарыл;
6. 2 жаштан ашкан балдарга эгер балада аллергиясы жок болсо таза бал берсе болот;
7. Соруучу момпосуйларды эгер бала 6 жаштан ашкан болсо берүүгө болот. Механизми кандай? Бала момпосуйду соргондо шилекейдин бөлүнүүсү күчөйт. А шилекейдин курамында “лизоцим” деген вируска каршы фермент бар. Бул тамактын оорусун да басаңдатат;
8. Эгерде бала жалаң эмчекте болсо көп-көп эмизүү сунушталат.