КРнын Паралимпиада федерациясы үчүн жылына 700 миң сом керектелет. Муну ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 3-декабрдагы жыйынында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Мурат Саралинов билдирди. Саралинов аталган федерациянын өздүк кеңсеси жок экенин да кошумчалады. Аянты 44 чарчы метрди түзгөн имарат бар экенин, аны берүүгө атайын чечими керек болуп жатканын айтты агенттиктин башчысы.