"Манас" эпосунун "Көкөтөйдүн ашы" бөлүмү англис тилине которулуп, китеп болуп чыкты (сүрөт)

"Манас" эпосунун "Көкөтөйдүн ашы" бөлүмү англис тилине которулуп, китеп болуп чыкты. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, китептин бет ачар аземи бүгүн, 12-июлда Улуттук тарых музейинде болуп өттү. Иш-чарага белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, АКШнын жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилеринин өкүлдөрү катышты. Котормонун автору - АКШдагы Майами университетинин профессору, тарыхчы Даниел Приор.

Белгилей кетсек, "Көкөтөйдүн ашы" - "Манас" эпосунан кагазга жазылып алынган эң алгачкы материалдардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан