Бүгүн, 12-июлда Бишкек шаарындагы “Парк Отель” мейманканасында Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Кыргыз Республикасында экстремизмдин чакырыктары жана ага каршы аракеттенүүнүн артыкчылыктары” темасында тегерек стол өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул иш-чара АКШнын Мамлекеттик департаментинин каржылоосу менен БУУнун Бангизаттар жана Кылмыштуулук башкармалыгы тарабынан ишке ашып жаткан “Террордук мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондорду пробациялык көзөмөлдөө” долбоорунун алкагында эки күн өтөт. Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин Укуктук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бөлүм секторунун жетекчиси Тынар Кадыралиев, АКШнын Мамлекеттик департаментинин террорчулук менен күрөшүү боюнча бюросунунун Борбор Азия боюнча программалык менеджери мырза Жон Хербст, БУУнун Баңгизаттар жана Кылмыштуулук башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев, Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Бердибаев, аталган кызматтын улук инспектору Манас Аманбаев, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан.
Бүгүнкү иш-чара Кыргыз Республикасындагы экстремизмге байланыштуу көйгөйлөргө, келечектүү кадамдарга жана мүмкүнчүлүктөргө, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүнө багытталды. Өтүп жаткан иш-чаранын максаты - учурдагы кырдаалга баа берүү, артыкчылыктуу багыттарды аныктоо, натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана өлкөдөгү экстремизмге каршы туруу боюнча мындан аркы кадамдарды иштеп чыгуу.
Иш-чаранын башында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Бердибаев сөз сүйлөп, аталган кызматтын негизги аракеттери заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга, анын ичинде диний экстремизмге жана эл аралык террорчулукка каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жана стратегиясын жогорулатууга багытталганын баса белгиледи.
“Белгилей кетсек, Борбордук Азия чөлкөмүндө кырдаалдын өнүгүшүнө талдоо жүргүзүлүп, көрүлгөн чараларга карабастан, экстремисттик жана террордук коркунучтун жогорку деңгээли байкалууда. Эл аралык экстремисттик жана террордук уюмдардын эгемендүү мамлекеттердин ички чыр-чатактарына активдүү катышууга умтулуусу белгиленип жатат.
Борбордук Азия чөлкөмүнүн мамлекеттери үчүн негизги коркунучтардын бири болуп Афганистандын түндүк провинцияларында ар кандай мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн жана эл аралык террордук уюмдардын топтолушу саналат, алар өздөрүнүн позицияларын бекемдеп, жаңы таянычтарды түзүүнү көздөшүүдө.
Акыркы жылдары республикада тыюу салынган экстремисттик жана эл аралык террордук уюмдардын идеологиясын жайылткан көп учурлар байкалууда.
Жогорудагы коркунучтарды жана чакырыктарды эске алуу менен адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин коргоо, мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатында Ички иштер министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар жана жумушчу топтун мүчөлөрү менен биргеликте “Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы долбоорун иштеп чыгышкан. Учурда бул мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүп, келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилди”, - деди баяндамасында Улан Бердибаев.
Катышуучулар Кыргыз Республикасындагы эсктремизмдин алдын алуунун артыкчылыктуу багыттары, көйгөйлөрү тууралуу өз пикирлери менен бөлүшүп, экстремизмге каршы аракеттенүүдө көрүлүп жаткан чаралар жана бул багыттагы материалдар боюнча маалыматтарды талкуулашты.
Ошондой эле тегерек столдо катышуучулар мамлекеттик органдар жана алар менен байланышкан уюмдар зомбулуктуу экстремизм менен күрөшүүдөгү кызматташуусунун активдештирүүнүн жолдорун иштеп чыгууну сунушташты. Тегерек стол суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча сунуштарды беришти.