Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда масштабдуу оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери алгач ички канализацияны жаңылоодон башталган.
“Мекеме советтик мезгилден калган чоюн түтүктөр менен жабдылган. Көп жылдан бери үзгүлтүксүз иштөөдөн улам чирип кеткен.
Саркынды суулар акырындап дубалга сиңе баштап, нымдуулук дубалга сиңип отуруп, шыбактары урай баштаган. Азыр көрүлгөн оңдоо иш-чаралардан кийин дубалдар кургай баштады”, - деп жазылган маалыматта.