Министрлер кабинети жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулук тартипти чыңдоо максатында жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында бул маселе боюнча ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат берди.
Анын айтымында, 2017-2021-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында расмий түрдө 32 миң 369 жол кырсыгы катталып, анда 4006 адам каза болуп, 49 миң 639 адам ар кандай жаракаттарды алган.
"Айдоочулардын күнөөсү боюнча 28 миң 142 жол кырсыгы катталып, бул жалпы көрсөткүчтүн 86,9 пайызын түзөт. Кырсыктан каза болгондордун дээрлик 70 пайызы эмгекке жарамдуу курактагы (25-40 жаш) адамдар. Айрыкча балдар арасында жаракат алгандардын саны жогору. Балдардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарынын жалпы саны – 7541 учурду (23,1%) түзөт.
Жөө адамдар жана жүргүнчүлөр - жабыркагандардын да, каза болгондордун да көп бөлүгүн түзөт. Кырдаалды өзгөртүү үчүн ылдамдык боюнча чектен ашкандыгы, ашып өтүү же каршы тилкеге чыгуу менен ашып өтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн, ошондой эле жол кырсыгына себепкер болгон айрым эрежелерди бузгандыгы үчүн айдоочулардын жоопкерчилигин дифференциялоо жана күчөтүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда", - деди министр.
Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул чечим жол кырсыктарынын санын кескин кыскартууга таасирин тийгизиши керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин жыйынында жактырылган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга багытталган.