Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдө баш аламандык уюштурууга аракет кылгандарга катуу чара көрүү тапшырмасын берди

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдөгү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Вице-премьер-министр Токон Мамытов, ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Бусурманкул Табалдиев өкмөт башчыга өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал боюнча маалымат беришти. 

Жантөрө Сатыбалдиев коомдо баш аламандык уюштурууга аракет кылган адамдарга катуу чараларды көрүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тапшырмасын берди. Өкмөт башчы А.Келдибековдун тарапташтары Ош обладминистрациясын басып алууга аракет кылганын да айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан