Шри-Ланканын президенти кайсы өлкөгө качканы белгилүү болду

Шри-Ланканын президенти Готабая Ражапакса өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Ражапакса жубайы менен бирге Шри-Ланканын аба күчтөрүнүн Ан-32 аскердик-транспорттук учагы менен Малеге (Малдив аралдары) учуп кетишкен. Ишембиде демонстранттар анын сарайын басып алгандан бери президенттин кайда экени белгисиз болчу.

Эске салсак, 22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланканын борбору Коломбодо 9-июлда митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алышкан.

Нааразычылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы эгемендүүлүк алгандан бери болуп көрбөгөндөй кризисти башынан кечирүүдө. Азык-түлүк, дары-дармекке болгон таңкыстык жаралып, өлкө тышкы карызын төлөй албай оор абалга кептелген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан