Кинематография департаменти көркөм жана даректүү тасмалардын долбоорлорун кабыл алууну жарыялайт

Кинематография департаменти кинематографисттерди колдоо максатында “Эң мыкты кинодолбоорлор” сынагына көркөм жана даректүү тасмалардын долбоорлорун кабыл алууну жарыялайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоорлор инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө түрткү берген, патриоттуулукка үндөгөн, социалдык маанилүү маселелерди чагылдырган темаларды камтуусу зарыл.

"Кабыл алуу эрежелери:
- сынакка көркөм жана даректүү тасмалардын долбоорлору кабыл алынат;
- болочок тасманын авторлору Кыргызстандын жараны болуш керек;
- долбоорлор кыргыз же орус тилдеринде кабыл алынат.
Кино долбоор төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1. Долбоордун синопсисинин берилген темага ылайыктуулугу (1-2 барак);
2. Сценарий;
3. Өтүнүч (автордун тасма аркылуу берейин деген ою);
4. Календарлык план;
5. Долбоордун бюджети;
6. Кинодолбоордун режиссёрунун, сценаристтин өмүр баяны, атайын окуу жайын же режиссёрлук курсту бүтүргөндүгү тууралуу документ;
7. Режиссёрдун фильмографиясы, эл аралык кинофестивалдарда алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
8. Кинодолбоорлорго кино тармагында жетишкендиктери бар адистин көркөм жетекчи болууга макулдук каты;
9. Тарта турган кинокомпаниянын же студиянын фильмографиясы.
Иш кагаздар толук болбосо кабыл алынбайт. Сурап билүү телефондору: 0 312 300 265; 0 312 301 046", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле сценарий менен синопсистер эл аралык форматта жазылуусу зарыл экени айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан