Социалдык тармакта Апрель революциясынын баатырларынын айкелин кучактап түшкөн кыздын сүрөтү кызуу талкуу жаратты.
Сүрөткө түшкөн кыз аны Инстаграм баракчасына жүктөп “Башкаларга ашыксың, өзүңдүкүнө – жок” деп билдирүү калтырган.
Белгилей кетсек, 2010-жылдын 7-апрелинде ошол кездеги президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылган. Нааразы болуп көчөгө чыккан элге ок атылып, натыйжада ошол күнү 87 адам набыт болуп, 1500дөй жаран жарадар болгон. Курман болгондордун элесине арналып "Ала-Тоо" аянтына Апрель революциясынын баатырларынын айкели орнотулган.