Президентик администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов башында турган Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы «K Water» корпорациясынын (Корея Республикасы) жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын сайтында жарыяланды.
Тараптар суу ресурстарын башкаруу, сууну пайдаланууга жаңы технологияларды киргизүү, ирригация, суу сактагычтарды, кичи ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо боюнча кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Көрсөтүлгөн технологиялар калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртат (региондордо) жана суунун агып чыгышын жөнгө салууга өбөлгө түзөт.
Алмаз Исанов "Кыргыз Республикасы сууну жөнгө салууда илимий мамилеге өтүүгө кызыкдар. Бул контекстте суу тармагы Корея Республикасы менен кызматташуунун негизги багыттарынын бири боло алат" деди.
Өз кезегинде кореялык тарап Кыргыз Республикасында бул багытты комплекстүү изилдөө жана эксперттик деңгээлде тажрыйба алмашуу үчүн экспедициялык топ түзүүнү сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында ушул жылдын июль айынын аягында "K Water" корпорациясынын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди.