Жол боюнда сатылган жашылча-жемишке унаанын түтүнү сиңип калат жана ал адамдын ден соолугуна олуттуу зыян алып келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов айтты.
"Жашылча-жемиштердин курамындагы нитрат, антибиотик жана башка адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү заттардын нормадан ашпай кармалышын жыл сайын текшеребиз. Соңку жылдары дыйкандар химикаттарды азыраак колдонуп, биологиялык жер семирткичтер менен жашылчаларды өстүрүп жатканын байкасак болот. Бирок бизде башка көйгөй бар. Бул сезон учурунда жол боюнда пайда болуучу жайма базарлар.
Мисалы, шаардын айланма жол тарабында жыл сайын бир нече чакырымга созулган жайкы жашылча-жемиш базары пайда болот. Бул жерден көптөгөн унаалар өтөт. Алардан чыккан газ ошол сатылып жаткан азыктарга сиңип калат. Бул адамдын ден соолугуна олуттуу зыян алып келет. Дыйкандар да өз эмгегинин үзүрүн көрүп, учурунда сатып алганы туура, бирок жергиликтүү бийликтер мындай базарларда минималдуу шарттарды түзүп бериши керек. Электр энергиясы менен камсыздалып, мөмө-жемиштер жабык, салкын жана бийигирээк жерде сакталса, жанына унаа токтотуучу жай болсо жакшы болмок", - деди Жусупов.
Ал мындай жайма базарлар өлкөнүн туризм тармагына да терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.