Өлкөнүн айрым мектептеринде 41 жылдан бери эмгектенип келе жаткан директорлор бар. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов маалымат жыйында билдирди.
"Мектептер боюнча атайын изилдөөлөрдү жүргүздүк. Жыйынтыгында, айрым мектеп директорлору өздөрүнүн орундарында дээрлик 40-41 жылдан бери иштеп келүүдө", - деди ал.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 71 мектептин, Ош шаарында - 26, Ысык-Көл облусу - 78, Нарын облусу - 41, Талас облусу - 41, Чүй облусу - 153, Ош облусу - 254, Жалал-Абад облусу - 198, Баткен облусу боюнча - 104 мектептин директорлору 10 жылдан ашык бул кызматта эмгектенип келишкен.