COVID-19 пандемиясы жакын арада токтобойт. ДССУнун жаңы билдирүүсү

COVID-19 пандемиясы жакын арада токтобойт. Бул тууралуу ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейюс Женевада өткөн брифинг учурунда билдирди.

"Дүйнөдө COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жана каза болгондордун саны акыркы эки айда биринчи жолу көбөйдү, бул пандемия бүтө электигин эскертет. Илдеттин жайылышы көбөйгөн сайын, бет кап кийүү, вентиляцияны жакшыртуу, тестирлөө жана дарылоо протоколдору сыяктуу чараларды көрүү зарыл”, - деди ДСУнун башчысы.

Ошондой эле карылар, медицина кызматкерлери жана кош бойлуу аялдар сыяктуу топторго вакцинанын экинчи күчөтүүчү дозасын берүүгө үндөдү.

Акыркы жумаларда Европада коронавирус катталган учурлар көбөйдү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) пандемия башталгандан бери дүйнө жүзү боюнча 6,3 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан