Сеулда кыргыз делегациясы менен KOICA бир нече долбоорду ишке ашырууну талкуулашты

Бүгүн, 13-июлда Сеул шаарында президенттик администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Исанов башында турган Кыргызстандын делегациясы Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Сонг Хюксанг менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен KOICA ортосундагы мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды.

Алмаз Исанов экономиканын приоритеттүү секторлорундагы санариптик трансформациялоо долбоорлорун илгерилетүү жагынан Кыргызстанга KOICA'нын жардамын кеңейтүү маанилүүлүгүн белгиледи (санариптик банкинг, айыл чарба, жашыл жана креативдүү экономика, энергетика, анын ичинде микроэнергетика ж.б.) .

Кыргыз тарап ошондой эле Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүү Улуттук программасынын алкагында Кыргызстанда санариптик көндүмдөрдү жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Алмаз Исанов жогоруда аталган багыттар боюнча кыргызстандык адистерди даярдоо жана кайра даярдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, Түштүк Кореянын өкмөтүнө жана KOICA'га өлкөдө түрдүү долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде KOICA президенти Кыргыз Республикасы менен Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы кызматташтыктын деңгээлин жогору баалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан