Мектеп директорлорун тандоо сынагын өткөрө турган эч кандай комиссия түзүлбөйт, бардыгы ачык-айкын өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында айтты.
"Баары "комиссия карасын" дегенде эле башталат. Андыктан тестти өткөрүүгө Билим берүү министрлигинен бир дагы адис катышпайт, катышканга укугу да жок. Билим берүүнүн сапатын баалоо борбору бир нече блоктон турган тесттерди түздү.
Тестте педагогика, психология, санариптик технологияларды билген-билбегени текшерилет. Тест бүткөн соң талапкер жыйынтыгын дароо эле ошол жерден көрө алат, андан кийин администратор келип кол койдуруп алат. Тесттин жыйынтыгын атайын программа автоматтык түрдө чыгарып берет", - деди Жусупбекова.
Ал эми Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова тестирлөөдө адамдык фактор аралашпайт деп ишендирди.
"Коррупция болбойт, бир дагы тест сатылбайт. Себеби тестке кире турган код бизде болбойт, ал чет өлкөдөгү атайын адистерде болот. Ансыз биз тестке кире албайбыз. Талапкерлердин тесттери бири-бирине окшош болбойт, ар бирине рандом аркылуу өзүнчө түзүлөт.
Тестке 1 саат 20 мүнөт бөлүнөт, 60-80 суроо болот деп болжоп жатабыз", - деди ал.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакуновдун белгилешинче, сынакты август айында өткөрүү пландалууда. Ошондой эле тестирлөө сынактары түз эфирден көрсөтүлө тургандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин сынак эки этаптан өтөрү, 966 мектептин директору иштен кетери айтылган.