Исфайрам-Сай дарыясына аккан 10 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, издөө иштеринин натыйжасында бүгүн саат 15:00 чамасында кечээтен бери изделип жаткан 10 жаштагы Т.А. аттуу баланын жансыз денеси табылды.
Белгилей кетсек, кечээ, 12-июль күнү Майдан айыл аймагына караштуу Кереге-Таш айылында 2012-жылы туулган Т.А. аттуу бала Исфайрам-Сай дарыясына түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө жалпы 12 куткаруучу тартылган. Издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулуп, бүгүн 13-июлда улантылган.