Украина бюджеттин дефицитин толтуруу үчүн Батыштан айына 9 миллиард долларга муктаж. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Украинанын президентинин кеңешчиси Олег Устенконун айтымында, батыш өлкөлөрүнүн колдоосу жок Украинанын буттан турушу дээрлик мүмкүн эмес. Бул үчүн Украина айына 9 миллиард доллар алып турушу керек.
Ошондой эле эгин жана болот экспортунун жоктугу өлкөнүн бюджетин ого бетер оорлоткон.
Эске салсак, апрель айынын башында Украинанын каржы министри Сергей Марченко апрель айынан тарта өлкөнүн бюджетинде ай сайын 5-7 миллиард доллар өлчөмүндө чыгым пайда болгонун билдирген. Июнь айында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин башчысы Саманта Пауэр Украина согуштук аракеттерден ай сайын бюджеттен 5-6 миллиард доллар жоготуп жатканын айткан.