ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 3-декабрдагы жыйынында өлкөдөгү паралимпиада спортунун абалы талкууланды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Мурат Саралинов Кыргызстанда 1000дей ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү спортчу бар экенин айтты. “Өлкөдө паралимпиада спортун өнүктүрүүгө эч кандай шарт жок. Бул тармакта машыктыруучу болуп иштей турган тажрыйбалуу инсандар дээрлик жокко эсе”,- деди Саралинов.