Ош шаарынын борбордук аянтында Ахматбек Келдибековдун коргоо комитетинин штабы түзүлдү. Учурда 3 боз үй тигилип, бийликке депутат Ахматбек Келдибековду абактан бошотуу боюнча 3 күн мөөнөт берип, ошонун жыйынтыгын күтүп жатышат. Алар 3 күн ичинде талабы аткарылбаса, митингди кайрадан улантып, Ош-Эркечтам жолун тосорун билдиришти.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш кодексинин 303-304 -беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылууда.