Ош шаарында 2,6 чакырымды түзгөн канализация курулуп жатат

Ош шаарында 2 жарым чакырымды түзгөн канализация курулуп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Нурматов көчөсүн бойлой, Ак-Буура дарыясынын батыш жээгинен Бахапов көчөсүнө чейин жаңы магистралдык канализацияны куруу иштери жүргүзүлүүдө. Төшөлө турган түтүктөрдүн диаметри 400 миллиметр, объектинин узундугу 2,6 чакырым.

Бардык иштер жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен жүргүзүлүүдө. Бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу Нурматов көчөсүндөгү бардык жеке сектордун үйлөрү, ошондой эле Ленин көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр канализация менен камсыз болот.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, план боюнча бул иштер күз айынын башына чейин бүткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан