3 күндөн бери изделип жаткан 12 жаштагы Арууке Өмүрова табылды

Бишкек шаарында 3 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан 12 жаштагы Арууке Өмүрова аман-эсен табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 13-июлунда ИИМ Академиясынын курсанттары тарабынан мурда дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыз Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Жашы жете элек кыздын коопсуздугу үчүн милиция кызматкерлери ата-энесине түшүндүрүү-профилактикалык баарлашуу иштерин жүргүзүштү.

Райондук милиция учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатканын билдирди.

Арууке Өмүрова 10-июлдан бери дайынсыз болуп, изделип жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан