Бишкек шаарында экстремизмдин алдын алуу боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара эки күн катары менен уюштурулду. Тегерек стол суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар тарабынан экстремизмди алдын алуу маселеси кызуу талкууланып, анда адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун экстремисттик иш-аракеттерден коргоо экени баса белгиленди.
Иш-чарада “Стратегиялык чечимдер” коомдук фондунун аткаруучу директору Гүлмира Маматкеримова Ички иштер министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар жана жумушчу топтун мүчөлөрү менен биргеликте “Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын жаңы долбоорун иштеп чыгышканын билдирди.
Учурда бул мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүп, келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилгенин маалымдады.
Маматкеримованын айтымында, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын алдында өлкөбүздө экстремизм көрүнүштөрүн алдын алуу чөйрөсүн көзөмөлдөгөн борборду түзүү керек.