Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кант жеркирүүчүлөргө кумшекердин баасын төмөндөтүүнү талап кылат. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер-жерлерде канттын баасына мониторингди күчөтүү жана дүң, чекене жана чекене сегменттердеги сатуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.
Мындан тышкары, Монополияга каршы кызматтын, Айыл чарба министрлигинин, ири соода түйүндөрүнүн жана кант жеткирүүчүлөрдүн ортосунда республиканын калкын социалдык баада продукция менен камсыз кылуу боюнча келишим түзүү сунушталды.
Эске сала кетсек, буга чейин министрлер кабинети алты айга өлкөдөн кумшекерди жана чийки камыш кантты экспорттоого убактылуу тыюу салган. Токтом кумшекерди Кыргызстандын аймагынан массалык түрдө экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана кумшекердин баасын кармап туруу максатында иштелип чыккан. Тыюу салуу демилгесин Айыл-чарба министрлиги көтөргөн.