Митингчилер тарабынан Ош облустук администрациясын басып алууга аракет кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Муну Ош ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. “Факты боюнча учурда материалдар топтолууда жана иликтөө жүрүүдө”,- деп билдирет ОИИББи. Кылмыш иши конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык беренеси боюнча козголгону белгилүү болду.
Эскерте кетсек, Ош шаарынын борбордук аянтына чогулган Ахматбек Келдибековдун тарапташтары 2-декабрда обладминистрацияны басып алууга аракет жасашкан болчу.