Акылбек Жапаров: "Тышкы карыз 2021-жылы 75,6 миллион долларга гана көбөйгөн"

Бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылы мамлекеттин тышкы карызы 75,6 миллион долларга гана көбөйгөндүгүн айтты.

"Бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү өзгөчө пункт - мамлекеттик карыз. 2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес карызды төлөө жүгү биздин башыбызга туш келди. Мунун ичинен 75 пайызы - тышкы карыз.
Министрлер кабинети мамлекеттик тышкы карыздын көлөмүн катуу контролдой турганын баса белгилегим келет.
2020-жылы тышкы карыздын көлөмү 367 миллион долларга көбөйсө, 2021-жылы 75,6 миллион долларга гана көбөйгөн", - деген Жапаров.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан