Миллиардер Билл Гейтс болгон байлыгын кайрымдуулукка жумшайт

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси Билл Гейтс болгон байлыгын кайрымдуулук ишине жумшайт. Бул туурасында ал өзүнүн Твиттер баракчасына жазып чыкты.

Forbes басылмасынын маалыматына караганда, Билл Гейтстин жалпы байлыгы 120 миллиард доллардан ашат. Ал эми миллиардердин бул байлыгы мурдагы жубайы Мелинда менен биргеликте негиздеген "Bill & Melinda Gates Foundation" кайрымдуулук фондуна жумшалат.

"Мен байлыгымдын дээрлик бардыгын фондго берүүнү пландап жатам. Мен дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинен ылдыйлап, акыры андан чыгам", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Билл Гейтс дүйнөдөгү эң бай адамдардын ичинен төртүнчү орунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан