Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган министрлер кабинетинин жыйынын өткөрүүдө. Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи.
“Ушул залда отурган баарыбыз мамлекеттин өнүгүүсүнө, мамлекеттеги коопсуздукту камсыздоого, коомдогу өзгөрүүлөргө, элдин жашоосун жакшыртууга, эл аралык мамилелердин оң болушуна жооптуубуз. Мамлекеттик кызыкчылык – баарынан бийик! Аткарылып жаткан иштин – кагаз жүзүндөгү көрсөткүчтө гана «аткарылды» эмес, реалдуу натыйжага ээ болуусу өтө маанилүү.
Биз аткарып жаткан иштер Кыргызстандын ар бир жаранына оң таасирин тийгизиши керек. Эл күткөн ишенимдүү жолду, бирдиктүү позицияны табууну көздөгөн, бири-бирибизге ишенген команда азыр элге кызмат кылып жатат деп терең ишенем. Өткөн жылдын декабрь айында 2021-жылдагы иштерди элге расмий жарыялаганбыз. Бүгүн андан берки 6 айдын жыйынтыгын чыгарабыз. Иштин жыйынтыгын чыгарып, иреттеп туруу – бул дагы бир жолу белди бекем бууганга, арабызда жүргөн айрым жалкоо адамдардан арылууга негиз болуп саналат.
Мурдагыдай "эптеп убакытты өткөрүп жүрө берсек" деген кадрлар арабызда болбоого тийиш. Азыр уктап жатчу учур эмес. Мен ар дайым ачыкмын. Кай жерге барбайын, элдин суроолорун укмайынча кетпейм", - деди өлкө башчы.