Акылбек Жапаров: "Өкмөттүн 6 миңден ашуун токтому жокко чыгарылды"

Бүгүн, 14-июль күнү министрлер кабинетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн миңдеген токтом, буйруктары жокко чыгарылгандыгын билдирди.

"Укуктук-ченемдик актылар боюнча инвентаризация жүргүзүлүп, ишибизге тоскоолдук кылган, кайталанган, бири-бирине кайчы келген бардык документтерден тазалап жатабыз.

Өкмөттүн 6 миң 114 токтому, 1 миң 386 буйругу жокко чыгарылды. 194 мыйзамды күчүн жоготту деп таануу үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна киргиздик", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан