Бүгүн, 14-июлга карата COVID-19 илдети 47 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, COVID-19дун жаңы 47 учуру катталды. Анын ичинде 7 адамда өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган. Ал эми 40 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан.
Аныкталгандардын ичинен 7 адам COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн.
Амбулатордук дарыланууда — 46, ооруканада жаткандар — 1.