Садыр Жапаров: "Саясий оюндардын баары бүттү. Эми мындан ары саясий оюндардын эмес, экономика менен алектене турган жылдар"

"Саясий оюндардын баары бүттү. Эми мындан ары саясий оюндардын эмес, экономика менен алектене турган жылдар", - деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган министрлер кабинетинин жыйынында.

Мамлекет башчысы өткөн жылы конституциялык өзгөртүүлөр менен катар бардык тармактарды өнүктүрүү боюнча жарлыктар, мыйзамдык актылар иштелип чыгып, кабыл алынганын белгиледи.

"Мамлекеттик башкаруунун жаңы системасына өттүк. Шайлоолорду өткөрдүк. Баткен облусун калыбына келтирүүнү колго алдык. Демек, саясий оюндардын баары бүттү деп эсептейм. Эми мындан ары — саясий оюндардын эмес, экономика менен алектене турган жылдар. Сөзүмдү алыстан баштайын. Кыргызстан бүткүл дүйнө менен бир алкакта турабыз. Дүйнө өнүгүүсүнө түздөн-түз байланышканбыз. Дүйнөнү каптаган пандемиянын кесепети бизге да тийди, ар түрдүү санкциялардын кесепети да тийбей калган жери жок.

Биз да дүйнөлүк уюмдар менен тыгыз кызматташып келебиз. Биринчиси — Дүйнөнү жакшыртууда, адамзаттын жашоо-турмушун оңдоодо Бириккен улуттар уюмунун 17 пункттан турган Туруктуу өнүгүү максаттарынын мааниси чоң, кулачы кенен. Биз да ушул программага киргенбиз. 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жазууда ушул максаттар толук эске алынган. Бүгүн Кыргызстан БУУ тарабынан белгиленген туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын көрсөткүчтөрүн 50 пайызга жеткирди. Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү — мамлекеттик органдардын жана Министрлер Кабинетинин ишинин негизги көрсөткүчү болуп баратат.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Мамлекет башчысы глобалдык өзгөрүүлөрдүн жана дүйнөлүк экономикалык борбордун чыгышка жылышынын шартында жаңы логистикалык коридорлорду өнүктүрүү жана толук кандуу транспорттук байланышты камсыз кылган транспорттук системаларды түзүү биринчи планкага чыгып жатканына көңүл бурду. Кыргызстан азыр ыңгайлуу позицияда турат. Темир жол транспорту, авиация инфраструктурасын түзүү иштери күчөтүлөт.

Дүйнөлүк экономикалык трансформация жана тышкы терс факторлордун таасири шарттарында биз өлкөнүн экономикалык жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди, күчтү, ресурстарды бириктирип, өнүгүүгө карай багыт алышыбыз керек", - деди президент Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан