Милициянын кайгуул кызматы акыркы 6 айдын жыйынтыгын чыгарууда

Бүгүн, 14-июль күнү милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы акыркы 6 айдын жыйынтыгы, ишмердүүлүгү боюнча маалымат жыйын өткөрүүдө.

Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Исаков Бишкек шаарында акыркы 6 ай ичинде кайгуул кызматкерлери тарабынан 317 кылмышка шектүү жарандар аныкталганын билдирди.

"Анын ичинен адам өлтүрүү 3, адам урдоо 2, каракчылык 5, тоноо 14, уурдоо 40, бейбаштык 193, зордуктоо 6 жана башка кылмыштар катталган", - деди Исаков.

Ошондой эле жарым жыл ичинде коомдук жайларда тартип бузган жарандардын 899 учуру катталганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан