Бишкекте кыз ала качууга шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-июлда милицияга Ч.Г. аттуу кыз белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда саат 09:30 чамасында белгисиз адамдар кызды мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качып кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (адамды никеге туруу максатында уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
"Кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү такталып, алар 1995-жылы туулган К.А.,1996-жылы туулган И.А., 1996-жылы туулган О.Ч. экени белгилүү болгон. Кармалгандар Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге 2 айга камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.