Бишкек шаарында жыл башынан бери жол кыймылынын эрежесин бузуу боюнча 170 миңден ашуун протокол түзүлдү. Бул туурасында Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын начальниги, милициянын подполковниги Алмазбек Исаков маалымат жыйында билдирди.
“Жалпысынан 170 миң 35 протокол түзүлдү.
- Коопсуздук курдун жоктугу жана мотоцикл шлемин колдонуу эрежелерин бузуу - 40 999 билдирүү;
- Жөө жүрүүчүлөрдүн жана велосипедчендердин катышуусундагы эреже бузуу – 11475;
- Мас абалында унаа башкаруу – 1574;
- Документсиз унаа айдоо - 1098;
- Мыйзамсыз тонировкалоо - 395;
- Жалган номерлер - 41;
- Авто бейбаштык - 26;
- Башка мыйзам бузуулар — 22 313.
Бул аралыкта 12 миң 590 унаа айып короого киргизилген. Мыйзам бузуулар үчүн мамлекеттик бюджетке 76 миллион сомдон ашык өндүрүлгөн”, - деди ал.
Ошондой эле 1 миң 340 жол кырсыгы катталганын, өзгөчө мындай кырсыктар коронавирустук чектөөлөрдөн улам келип чыкканын белгиледи.