Зордуктоого шектелип СИЗО-1ге камакка алынган актёр Чыңгыз Мамаевдин иши боюнча соттук отурум бүгүн, 14-июлда болот. Бул туурасында Свердлов райондук сотунун маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
Буга чейин белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалгандыгы кабарланган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.
SUPER.KG порталы актёрдун бир тууганынын, кошуналарынын пикирин угуп, чагылдырган.