Биздин энергосистеманын ичиндеги финансылык тартыштык 15 миллиард 271 миллион сом. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.
"Биздин быйылкы жылы болжолдуу жалпы чыгашабыз 40 миллиард сомдон ашык болууда. Ал эми 24 миллиард 993 миллион сомду азыркы тарифтик саясат менен чогултабыз деп пландап жатабыз. Ошонун айырмасы 15 миллиард сомдон ашык болуп жатат. Бул биздин энергосистеманын ичиндеги финансылык тартыштык. Өзүңөр билесиңер, мунун баары биздин тарифтик саясатыбыздан келип чыкты”, – деп билдирди министр.
Белгилей кетсек, президенттин төрагалыгы алдында өткөн министрлер кабинетинин жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча министрлер кабинетинин отчёту уктурулду.
Жыйынга министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.