Түркмөнстандын президенти Ташкентке барды (фото)

Бүгүн, 14-июлда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов мамлекеттик иш сапары менен коңшу Өзбекстандын Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Эл аралык аэропорттон аны Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов жана Ташкенттин акими Жахонгир Артыходжаев тосуп алган.

Делегация менен бирге кортеж "Янги Өзбекстан" паркына барган, анда Түркмөнстандын президенти Эгемендүүлүк монументине гүл койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан