30-ноябрда Бишкек шаарында, Ишеналы Арабаев атындагы университетте корей тилинде эркин сүйлөө боюнча салтка айланган ХII сынак болуп өттү. Сынакта өлкөдөгү жогорку окуу жайларынан 26 студент күч сынашкан. Аталган сынакка Ош технологиялык университетинин 2 студенти катышкан. Жыйынтыгында, баш байгени аталган окуу жайдын студенти Улан Бапыев, ал эми 1-орунду Жылдыз Маматалиева ээледи.