Украина Түндүк Корея менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялады

Украина Донецк жана Луганск элдик республикаларынын көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Түндүк Корея менен дипломатиялык мамилесин үздү. Мындай маалымат Украинанын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында маалымдалды.

"Министрлик Түндүк Кореянын Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын көз карандысыздыгын таануу чечимин кескин айыптайт. Биз бул чечимди Пхеньяндын Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузуу аракети катары баалайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Украинанын Тышкы иштер министрлиги бул таанууну жараксыз деп атады. Министрликтин билдиришинче, бул юридикалык кесепеттерге алып келбейт жана Украинанын эл аралык таанылган чек араларын өзгөртпөйт.

Буга чейин Түндүк Корея Донецк жана Лугансктын көз карандысыздыгын тааныгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан