Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында 103 вагон күйүүчү-майлоочу майы турат

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында өлкөбүзгө келе турган 103 вагон күйүүчү-майлоочу май туруп калды. Бул тууралуу КРнын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов бүгүн, 3-декабрда журналисттер менен болгон маалымат жыйынында билдирди. 
Анын айтымында, вагондордун чогулуп калышына Өзбекстандын “Коканд” темир жол көпүрөлөрүнүн техникалык талаптарга жооп бербей жатышы себеп болууда. Ошондон улам өкмөт аралык келишимдерге ылайык күн сайын 8 гана вагон өтүп жатат. Учурда 103 вагон кезек күтүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан