Төө-Ашуудагы тоннелде бузулуп калган Лексус менен Мерседес чыгарылды (фото)

Бишкек-Ош жолундагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелде бузулуп калган унаалар чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 14-июль күнү тоннелдин ичинде Mersedes Benz жана Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаалар бузулуп калган. Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылып, унааларды тоннелден чыгарып беришкен.

Жабыркагандар жок.

Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Төө-Ашуудагы тоннель 17-июлга чейин маал-маалы менен жабыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан